20.11.20

Кыргызстандын өкмөт башчысынын милдетин аткаруучу Артем Новиков жана  Өзбекстандын премьер-министринин орун басары Сардор Умурзаков ортосунда телефон аркылуу сүйлөшүү болуп өттү. Бул тууралуу, өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Артем Новиков Өзбекстан өкмөтүнүн коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү боюнча чаралардын алкагында, Кыргызстанга көрсөткөн гуманитардык жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө, соода-экономикалык кызматташтыкты активдештирүү, өз ара соода жүгүртүүнүн көлөмүн көбөйтүү жана өндүрүш кооперациясы чөйрөсүндө биргелешкен долбоорлорду түзүү, соода-логистикалык борборлорду, эки өлкөнүн чек арага чектешкен облустарында эркин экономикалык (өндүрүш) аймагын куруу жолу менен соода жүгүртүүнү кеңейтүү маселелери талкууланды.

2020-жылдын декабрь айында, эки өлкөнүн чек арасы чектеш болгон облустардын башчыларынын кеңешинин үчүнчү отурумун өткөрүү боюнча макулдашууга жетишилди.

Ошол кеңештин алкагында, Кыргызстан жана Өзбекстандын ортосундагы товар жүгүртүүнү көбөйтүү үчүн соода-экономика тармагында кызматташтыкты кеңейтүү жана тереңдетүү боюнча, түзүлүп жаткан “жол картасы” ишке ашыруу планына кол коюу пландаштырылууда.

Сүйлөшүүнүн соңунда тараптар, кызматташтыктын актуалдуу маселелерин чечүү үчүн мындай көрүшмөлөрдү дайыма улантып турууга жана эки тараптуу мамилелерди мындан ары дагы активдештирүүнү макулдашышты.

https://24.kg/vlast/173786_kyirgyizstan_iuzbekistan_hotyat_sozdat_sez_naprigranichnoy_territorii/