06.02.21

Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев 4-6-февраль күндөрү, Түркияда иш сапары менен болуп кайтты. Бул тууралуу, министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Алымкадыр Бейшеналиев Түркиянын Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Халил Элдемир жана Түркиянын Улуу улуттук жыйынынын төрагасынын орун басары Желал Адан менен жолугушту.

Алымкадыр Бейшеналиев, Түркия тарапка коронавирус илдетине каршы күрөшүүдө буга чейин көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылыгын билдирген. Ошондой эле пандемия шартында, Кыргызстанда түзүлгөн оор кырдаалды эске алып, гуманитардык жардам көрсөтүү өтүнүчүн билдирген.

Жолугушуу учурунда, Саламаттыкты сактоо тармагындагы эки тараптуу кызматташтыктын бир катар маселелери талкууланды. Ошондой эле, Бишкектеги “Кыргыз-Түрк достугу” ооруканасын толук кандуу иштешин камсыз кылуу үчүн тез арада макулдашууну ратификациялоо зарылдыгы белгиленди.

Түркиянын Улуу улуттук жыйынынын төрагасынын орун басары Желал Адан ал макулдашууну тезирээк ратификациялоону колдой тургандыгын билдирди.

Түркиянын Саламаттыкты сактоо министрлиги Кыргызстанга гуманитардык жардам катары 5 миң коронавирусту аныктоочу ПЧР-тестин берди.

http://kg.kabar.kg/news/t-rkiia-kyrgyzstanga-gumanitardyk-zhardam-katary-5-mi-pchr-test-berdi/