06.02.21

Кыргызстанга Түркиядан беш мобилдик клиника алып келинет. Бул тууралуу, Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев жана Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев 5-февраль күнү, Анкара шаарында мобилдик клиника өндүргөн “Optima Technic” заводуна барышкан. Анда алар заводдун, “Ислам өнүктүрүү банкы (ИӨБ)” жана башкы подрядчы норвегиялык “НОРМЕКА АС” компаниянын өкүлдөрү менен жолугуп, мобилдик клиникаларды Кыргызстанга жеткирүү маселелерин талкуулашкан.

Аталган клиникалар заманбап медициналык жабдуулар менен жабдылган. Аларга, компьютердик томография, УЗИ аппараттары, маммография, рентген аппараты, гастроскоп, колоноскоп, офтальмоскоп, риноскоп, эхокардиограф сыяктуу диагностикалык бөлүмдөрүнөн турат. Мындан тышкары, биохимикалык жана башка анализдерди жүргүзүүгө ылайыкташкан лабораториялык жабдуулар, көзгө операцияларды жасоосу бөлүмдөрү дагы бар. Тараптар мобилдик клиникаларды, Кыргызстанга жеткирүү иштерин тездетүүнү макулдашышкан.

Мобилдик клиникаларды алуу боюнча Кыргызстандын өкмөтү менен “Ислам өнүктүрүү банкы (ИӨБ)” мурда келишим түзүшкөн болучу.

http://fabula.kg/koom/4528-trkijadan-kyrgyzstanga-bardyk-zhabduusu-bar-5-mobildik-klinika-alynyp-kelinet.html