08.04.21

Кыргызстан жана Венгрия “Венгер-кыргыз” өнүктүрүү фондун түзүү тууралуу келишимге кол коюшту.

Документке кол коюу аземи 8-апрель күнү “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында, Венгриянын Тышкы иштер жана соода министри Петер Сийяртонун расмий иш сапары менен Бишкекке келүүсүнүн алкагында өттү.

Кыргызстандын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев: “Бүгүн штаб-квартирасы Бишкекте жайгашкан алгачкы капиталы 50 миллион долларды түзгөн, “Венгер-кыргыз” өнүктүрүү фондун түзүү тууралуу келишимге кол коюлду. Анын ичинен 16 миллион доллары бүгүн, ал эми калган 34 миллион доллары жылдын аягына чейин берилет. Аталган фонддун алкагында, Кыргызстандын экономикасы үчүн маанилүү болгон инвестициялык долбоорлор ишке ашырылат”,-деп билдирди.

Руслан Казакбаевдин айтымында, аталган фонд айыл чарба, туризм, энергетика жаатында алгылыктуу долбоорлорду ишке ашыруу үчүн Кыргызстанга инвестиция тартууда уникалдуу аянтча болмокчу. Ошондой эле, фонд Кыргызстандын аймагында  өндүрүш ишканаларын пайда болуусун шарттайт. Бул өз кезегинде өлкөдө жаңы жумуш орундарын түзүүгө жол ачмакчы.

 

https://www.tazabek.kg/news:1693876