Бишкек, 8-февраль, Кабар. Кыргызстанда сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн Өзбекстандын тышкы соода министри Жемшит Хожаев, Өзбекстан менен Кыргызстан арасындагы экономикалык мамилелердин алдындагы тоскоолдуктарды жоюуга жардам берүүгө даяр экенин билдирди.

Өзбекстан министри, “Бүгүн биз, ири мамлекеттик түзүмдөр жана министрликтер, тоскоолдуктарды жоюуга даярбыз. Эгер жардам берүү менин да колуман келе турган болсо, мен дагы жардам берүүгө даярмын. Көйгөй министрлик тарабынан чечилиш керек боло турган болсо тоскоолдуктарды алып салуу маселесин сөзсүз аягына чыгарабыз” - деп билдирди.

Ошондой эле Хожаев Өзбекстан иш-каналарынын Кыргызстанга заманбап унаа жана жүк ташуучу унааларын, автобустар, көп түрдүү жол техникаларын, ар түрдүү минералдык жер семирткичтерди, электр буюмдары, кабелдик жана электр тогун өткөрүүчү чубалгыларын, турмуш-тиричилик техникаларын жана даяр текстиль буюмдарын жеткирүүнү кеңейте алат деди.

“Өлкөлөрүбүздүн ортосунда түзүлгөн келишим боюнча Кыргызстанда унааларды чогултуу жана өндүрүүдөн сырткары Ош шаарында соода жана оюн-зоок борбору жана мектептерди куруу иштери боюнча биргелешкен иш-чаралар жүргүзүлүп жатат”- деп билдирген Хожаев, Өзбекстандын Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун тездик менен ишке кирээрине үмүттөнөөрүн айтты.