31.10.21

Кыргызстандын “Легпром” ассоциациясынын жана кийим тигүүчү ишканаларынын өкүлдөрү, Стамбул жана Бурса шаарларына болгон сапарынын алкагында, Түркиянын текстиль жана тигүү тармагындагы алдыңкы тажрыйбалары менен таанышты.

Аталган сапар, Түркиядагы сооданы колдоо мекемелери менен өнөктөштүк мамилелерди түзүү, ошондой эле Бурса шаарындагы текстиль жана тигүү көргөзмөсүнө катышуу максатында уюштурулду.

“Легпром” ассоциациясынын жетекчиси Сапар Асанов билдиргендей, иш сапардын жүрүшүндө, Түркиянын ассоциациялары, өнөр жай палаталары жана кездеме өндүрүүчүлөрү менен бир катар жолугушуулар жана сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, белгилүү бир натыйжаларга жетишилди.

Сапар Асанов: “Биз Бурсадагы текстиль буюмдарынын көргөзмөсүнүн уюштуруучулары жана ошондой эле соода-өнөр жай палатасынын өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, мүмкүн болгон кызматташуу маселелерин талкууладык. Ал эми Стамбулда болсо, өнөр жай бөлүмүнүн өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. Бизде квалификацияны жогорулатуу боюнча суроолор бар эле, анткени өлкөдө үзгүлтүксүз өндүрүштү киргизүү, биздин өлкөдө боёк жана текстиль фабрикасын ачуу үчүн технологдорду даярдоо зарыл. Стамбул шаарынын экспортерлор ассоциациясы менен жолугуп, бир катар фирмалар менен байланыш түздүк, алар биздин өлкөгө кездемелерди экспорттоого даяр экендиктерин билдиришти. Ошондой эле 400дөн ашык өндүрүшчүлөрдүн кездемелери көрсөтүлгөн эң ири “Giyimkent” өнөр жай зонасына бардык. Өнөр жай башкармалыгы өз кезегинде, биздин сунуштарыбызды карап чыгууга даяр экенин жана 2022-жылы Кыргызстанга келише тургандыгын билдиришти”, - деп белгилеп өттү.  

Кыргызстандагы кийим тигүү фирмасынын жетекчиси Зулайка Миңбаева белгилегендей, алар Түркиялык кездеме өндүрүүчүлөрү менен 5 жылдан бери кызматташып келет.

Зулайка Миңбаева: “Акыркы сапарыбыз жемиштүү болду. Ошондой эле, кызыктуу тажрыйба жана пайдалуу маалымат алмашуу болду. Өзгөчө “Giyimкент” өнөр жай зонасына болгон сапарыбызда көп маалымат алууга мүмкүн болду. Түркиялык кездеме өндүрүүчүлөр ар түрдүү баага жана категорияларга ылайыктуу кийимдин каалаган түрү үчүн кездемелерди сунуштай ала турганына ынандык. Бул сапар келечекте, Кыргызстанда текстиль жана тигүү өндүрүшүнүн жигердүү өсүшү үчүн биз аракет кылып, өз салымыбызды кошуубузга түрткү  болот”, - деп билдирди.

Белгилей кетсек, бул окуу жана тажрыйба алмашуу сапары, Глобалдык текстиль жана тигүү программасынын колдоосу менен ишке ашырылды.

https://kabar.kg/news/predstaviteli-legprom-i-shveinykh-kompanii-kr-oznakomilis-s-tekstil-no-shveinoi-industriei-turtcii/