12.11.21

Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров 12-ноябрь күнү, Түркиянын Стамбул шаарында, Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин (ТМКК) саммитинин алкагында Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташуунун кеңири чөйрөсүн, анын ичинде соода-экономикалык, энергетика тармагындагы кызматташуу боюнча маселелерди талкуулашты.

Садыр Жапаров быйылкы жылы эки тараптуу Кыргызстан-Түркмөнстан байланыштары байкаларлык активдешкендигин канааттануу менен белгилеп, саммиттин жүрүшүндө жетишилген макулдашуулар өз убагында ишке ашарына ишенимин билдирди.

Ал эки мамлекеттин ортосундагы соода-экономикалык кызматташуу, сооданы диверсификациялоо маселелерине өзгөчө көңүл буруп, өз ара сооданы көбөйтүүдө чоң потенциал бар экенин белгиледи. Президент Садыр Жапаров, Кыргызстан тарап эки тараптуу кызматташтыкты, ошондой эле эл аралык уюмдардын алкагында өз ара аракеттенүүнү мындан ары чыңдоо жана өнүктүрүү үчүн бардык чараларды көрүүгө даяр экенин ырастады. Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедов өз кезегинде эки тараптуу кызматташтыктын өнүгүп жатканын белгилеп, Кыргызстан менен эки тараптуу жана көп тараптуу форматта өз ара аракеттенүүнү арттырууга кызыкдар экенин баса белгиледи.

http://www.president.kg/ru/sobytiya/21185_prezident_sadir_ghaparov_vstretilsya_sprezidentom_turkmenistana_gurbanguli_berdimuhamedovim