Turmush -  Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдады. Маалыматка караганда, президенттер эки өлкөнүн ортосунда дипломатиялык мамилелердин орношуна 25 жыл толгондугуна байланыштуу сүйлөштү.

Анда Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы салттуу достукту жана стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүү эки өлкөнүн түпкү кызыкчылыктарына шайкеш келерин белгилешти. Саясий диалогду мындан ары тереңдетүүнүн жана 2017-жылы жогорку деңгээлдеги өз ара визиттер учурунда жетишилген баардык макулдашууларды жүзөгө ашыруунун маанилүү экендиги айтылды. Сүйлөшүү учурунда соода-экономикалык жана чек ара маселелери боюнча кызматташуунун мындан аркы пландары да талкууланды.

Ошондой эле, мамлекеттик чек аранын калган бөлүгүн делимитациялоону тездетүүнүн зарылчылыгы белгиленди.