19.11.21

Кыргызстанда “КАМАЗ” маркасына таандык электр автобустарын чыгаруучу автомобиль заводун ачуу пландалууда. Бул тууралуу “Кыргызстан – Татарстан” ишкерлердин форумунда, Татарстандын Соода-өнөр жай палатасынын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу өкүлү Ильдар Сыдыков билдирди.

Ильдар Сыдыков: “Бизде Кыргызстанда “КАМАЗ” маркасындагы электр тогу менен жүрүүчү автобустарды чыгаруучу  ишкана куруу жана Казань шаарында Кыргызстандын башкы консулдугун ачуу боюнча так макулдашуулар бар”-деп билдирди.

Мындан тышкары Ильдар Сыдыков Бишкекте өтүп жаткан форумдун алкагында, Кыргызстандын ишкерлери Татарстандын бизнес чөйрөсү менен “B2B” форматында түз сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, ишкердик байланыштарды түзө аларын жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулай алышарын белгиледи.

Эскерте кетсек, Бишкек шаарында Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Азиз Аалиев жана Татарстандын президенти Рустам Миннихановдун катышуусунда ишкердик форуму өтүп жатат.

https://pk.kg/news/inner/kyrgyzstanda-kamazdyn-elektrobustaryn-chygaruuchu-avtomobil-zavodun-achuu-plandaluuda/