24.11.21

Кыргызстандын Инвестиция агенттигинин чакыруусу менен Түркиянын “OSTIM Enerjik” компаниясынын башкаруу кеңешинин төрагасы Йашар Челик баштаган делегация Бишкекке келмекчи.

Иш сапардын негизги максаты, гидроэнергетика (ГЭС) жана күндөн шамалдан энергия алуучу электр станцияларын куруу боюнча  инвестициялык долбоорлор менен таанышуу жана аларды тандоого жардам көрсөтүү болмокчу.

Буга байланыштуу Инвестиция агенттиги бардык каалоочуларды 14-декабрь күнү “OSTIM Enerjik” жана Түркиянын ири компанияларынын катышуусунда “Дамас” мейманканасында боло турган бизнес жолугушууга чакырат.

Эскерте кетсек, “OSTİM Enerjik” табияттан энергия алуу боюнча  долбоорлорду илгерилетүүдө дүйнөгө таанымал күчтүү адистери бар компания болуп эсептелет.

https://economist.kg/novosti/2021/11/24/tureckij-biznes-otberet-v-kyrgyzstane-proekty-v-sfere-gidroenergetiki-i-vie/