28.11.21

Кыргызстан Түркмөнстан менен соода-экономикалык, энергетикалык жана башка тармактарда кызматташууну тереңдетүүгө өзгөчө маани берет. Бул тууралуу, 28-ноябрда президент Садыр Жапаров Ашхабад шаарында Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен жолугушуу учурунда билдирди.

Садыр Жапаров Бердымухамедов менен Ашхабадда өтүп жаткан Экономикалык Кызматташтык Уюмунун (ЭКУ) 15-саммитинин алкагында жолукту. Өлкө лидерлери Кыргызстан-Түркмөнстан мамилелеринин учурдагы абалын, ЭКУнун саммитинин күн тартибиндеги долбоорлорду, ошондой эле жогорку деңгээлде жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты.

Гурбангулы Бердымухамедов Экономикалык Кызматташтык Уюмунун (ЭКУ)   маанилүү аймактык түзүм экенин баса белгилеп, түркмөн тараптын уюмга мүчө мамлекеттер менен өз ара пайдалуу кызматташууну улантууга даярдыгын белгиледи.

Садыр Жапаров белгилегендей, кыргыз тарап Түркмөнстан менен соода-экономикалык, энергетикалык жана башка тармактарда кызматташууну тереңдетүүгө өзгөчө маани берет.

Мамлекет башчылары, Кыргызстан менен Түркмөнстандын элдеринин жыргалчылыгы үчүн эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары да бекемдөөгө жана тереңдетүүгө өз ара даяр экендиктерин билдиришти.

 

https://economist.kg/kyrgyzcha/2021/11/28/prezident-kr-t-rkm-nstan-menen-sooda-ekonomikalyk-kyzmattashuunu-tere-det-g-dayar/