03.12.21

2021-жылдын 2-декабрь күнү, Швециянын Стокгольм шаарында ЕККУнун тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйынынын алкагында, Кыргызстандын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Түркиянын Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери жана 2021-жылдын 12-ноябрь күнү, Стамбул шаарында Кыргызстан менен Түркиянын мамлекет башчыларынын эки тараптуу жолугушуусунун жыйынтыктарын ишке ашыруу боюнча пикир алмашуу болду.

Кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттарын активдештирүү, ошондой эле кыргыз-түрк кызматташтыгын бекемдөө жана өнүктүрүү боюнча чараларды көрүү маселесине өзгөчө басым жасалды.

Руслан Казакбаев мурда жетишилген макулдашууларды толук ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи. ЕККУ менен БУУнун алкагындагы өз ара аракеттенүү, ошондой эле Түрк мамлекеттери уюмунун шайлануучу органдарына, анын ичинде ТҮРКСОЙ сыяктуу маанилүү уюмга талапкерлерди өз ара колдоо маселелери талкууланды.

Ошондой эле тараптар, Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда келе жаткан дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгына байланыштуу алдыдагы иш-чаралардын графигин карап чыгышты жана пландаштырылган жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги жолугушуулардын жана иш сапарлардын уюштуруу иштерин талкуулашты.

http://kg.kabar.kg/news/kyrgyz-t-rk-kyzmattashtygyn-bekemd-zhana-n-kt-r-maseleleri-talkuulandy/