03.12.21

Кыргызстандын Инвестиция жана өнүктүрүү агенттиги Түркиялык инвестор менен биргеликте, учурда токтоп турган Кара-Балта килем комбинатынын базасында, келерки 2022-жылы жаңы текстиль фабрикасын ачууну пландоодо. Бул тууралуу, аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Эки тараптуу жолугушуу  3-декабрь күнү болуп, долбоорду ишке ашыруунун мындан аркы кадамдарын талкууланды. Андан соң, Кара-Балта шаарына барып, фабриканын курулушу менен таанышып чыгышты.

Аталган долбоорду “Декна Бишкек Текстиль” ишканасы 25 миллион доллар инвестиция менен ишке ашырмакчы. Инвестор буга чейин фабриканын курулушуна 400 миң доллар өлчөмүндө инвестиция салган.

Инвестиция агенттиги билдиргендей, келечектеги ишкана кластердик ыкманын алкагында уникалдуу болмокчу. Анткени ал даяр текстиль кездемелерин өндүрүүдөн тышкары, жип жана кездеменин калдыктарын кошумча кайра иштетүүгө жөндөмдүү болуп, иш жүзүндө калдыксыз өндүрүш болмокчу. Ошондой эле, биринчи этапты ишке киргизүүдөн кийин ишкананын ишмердүүлүгүн кеңейтүү жана бүтүндөй текстиль кластерин түзүү пландаштырылууда. Аталган долбоорду ишке ашыруунун негизинде 1000 жакын жумуш орундары түзүлүшү күтүлүүдө.

https://economist.kg/novosti/2021/12/03/tureckij-investor-otkroet-v-kara-balte-novuju-tekstilnuju-fabriku/