06.12.21

Бишкек шаарында 6-декабрь күнү бут кийим чыгарган ишкананын ачылышы болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Инвестициялар жана өнүктүрүү агенттигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, долбоорду ишке ашыруу быйылкы жылы “Хейлонцзян” ЖЧКсы тарабынан жип өндүрүү жана курулуш кол каптарын өндүрүү боюнча мурда аяктаган долбоордон түшкөн кирешени кайра инвестициялоо менен башталды.

Инвестициялар жана өнүктүрүү агенттиги тараткан маалыматта: “Белгилей кетүүчү нерсе, бул өлкөдө аналогу жок ишкана болуп эсептелет. Ошондой эле өндүрүлгөн продукция  негизинен экспортко багытталган. Бут кийимдердин 40% пайыздан  ашыгы, Казакстандын рыногуна экспорттолот. Фабрика  жылына 600 миң жуптан ашык бут кийим өндүрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ”, - деп билдирет.

Аталган компания, өндүрүштүк линияны кеңейтүүнү жана жакынкы мезгилде спорттук бут кийимдерди чыгарууну пландаштырууда.

Эскерте кетсек, 2018-жылы аталган инвестициялык агенттиктин колдоосу менен “Хэйлунцзян” компаниясынын жип өндүрүү жана курулуш кол каптарын чыгаруу боюнча инвестициялык долбоор ишке ашырылган. Ал эми, 2019-жылдын 28-августунда Кыргызстандагы эң биринчи жогорку сапаттагы жип жана курулуш кол каптарын чыгаруучу фабриканын ачылыш аземи болуп өткөн. Аны курууга жалпысынан  2 миллион доллар инвестиция жумшалган.

https://www.tazabek.kg/news:1748568/?from=portal&place=nowread&b=2