10.12.21

Түркиялык жашыл энергия жана экологиялык технологиялар тармагында иш алып барган “OSTIM Enerjik” компаниясы, Кыргызстандык ишкерлери менен пландалган “B2B” форматында жолугушуу өткөрүү үчүн Бишкекке өздөрүнүн өкүлдөрүнөн турган делегациясын жөнөтмөкчү.

Бул тууралуу, 7-декабрь күнү Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев жана “OSTIM Enerjik”  компаниясынын өкүлдөрүнүн жолугушуусунда белгилүү болду.  

Тараптар “OSTIM Enerjik” компаниясынын  11 өкүлдөрүнөн турган делегациянын Кыргызстанга боло турган иш сапарын талкуулашты. Көрүшмөнүн жүрүшүндө, кыргызстандык ишкерлер менен “B2B” форматында боло турган  жолугушуунун эрежелери пландаштырылды.

Элчи Кубанычбек Өмүралиев “OSTIM Enerjik” компаниясынын  өкүлдөрүнө, Кыргызстанда энергетика тармагы жана бизнес  жүргүзүү үчүн түзүлгөн шарттар тууралуу маалымат берди. Кубанычбек Өмүралиев Кыргызстандын гидроэнергетика тармагындагы потенциалы зор экенине токтолуп, кичи ГЭСтерден өндүрүлгөн электр энергиясын сатып алууга мамлекет 10 жылдык кепилдик берерин белгилеп өттү.

Ошондой эле, Өмүралиев “ВСП+” программасынын алкагында ЕАЭБ жана ЕБ рынокторуна өндүрүлгөн продукцияны алымсыз экспорттоо мүмкүнчүлүктөрү, региондун башка өлкөлөрүнө салыштырмалуу салыктардын төмөндүгү жана бизнес жүргүзүү үчүн либералдык мыйзамдар тууралуу маалымат берди.

https://economist.kg/novosti/2021/12/10/tureckaya-ostim-napravit-v-bishkek-11-sotrudnikov-na-peregovory-po-proektam-vie/