20.12.21.

17-декабрда Түркияда Анкарадагы кризистик кырдаалдар жана саясатты изилдөө борборунда (АНКАСАМ) Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына жана Кыргызстан жана Түркиянын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин орношуна арналган конференция болуп өттү. Бул тууралуу Кыргызстаныдын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Аталган жыйында, Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев, кыска убакыттын ичинде Кыргызстан менен Түркия негизги багыттарда саясий диалогду жана кызматташтыкты өнүктүрүүдө чоң ийгиликтерге жетишилгенине токтолуп өттү.

Кубанычбек Өмүралиевдин айтымында, эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүүнү 1 миллиард долларга жеткирүү боюнча мамлекет башчылары тарабынан коюлган тапшырма аткарылды. 2021-жылдын январь-октябрь айларында эки өлкөнүн соода жүгүртүүсү 661, 1 миллион долларга жетти. Жалпысынан 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 263, 6 миллион долларга көбөйгөн.

Мындан тышкары иш-чаранын жүрүшүндө, Кыргызстандын экономикалык жана туристтик потенциалы тууралуу видеороликтер көрсөтүлдү.

https://kabar.kg/news/posol-omuraliev-tovarooborot-kr-i-turtcii-v-ianvare-oktiabre-etogo-goda-sostavil-661-1-mln-dollarov/