24.12.21

Кыргызстандын Инвестициялар министри Нурадил Баясов 24-декабрда Бишкек шаарында болуп өткөн брифинг учурунда: “Келерки жылы алтыдан ашык инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууну пландап жатабыз. Анын ичинде токтоп турган Кара-Балта килем фабрикасы кайра ишке киргизилмекчи,”- деп билдирди.

Нурадил Баясов: “Акыркы 4 айдын ичинде инвестор менен бардык келишимдер түзүлдү. Инвестор буга чейин аталган долбоорго 400 миң доллар инвестиция салган. Алар учурдагы оңдоого байланыштуу каражаттар акциялардын үлүшүн сатып алуу менен, консолидацияланган тартипте аракеттенүүдө”,- деп билдирди.

Ошондой эле, министр Нурадил Баясов долбоор жалпысынан 25 миллион долларга бааланып, 800-1000 чейин жумуш орундары түзүлөөрүн кошумчалады.

Нурадил Баясов: “Бул фабрика жаңы текстиль кластери. Анын алкагында коңшу өлкөлөрдөн айырмаланган жаңы продукциялар чыгарылмакчы, бул жүн өндүрүмү менен катар, 100%  пайыздык экспортту эсепке алуу менен Кыргызстандагы текстилдин бардык калдыктары ушул фабрикада кайра иштетилмекчи. Бүгүн бул компаниянын негиздөөчүлөрүн кабыл алдык, алар чет өлкөдөн учуп келишти. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө, Кыргызстандын мүмкүнчүлүктөрү менен катар аларга берүүгө даяр болгон жеңилдиктер жана преференциялар тууралуу сүйлөшүлдү. 2022-жылдын аягында, ишкананын ишке киргизилиши үчүн бардык иш-чаралар даярдалмакчы. Ошондой эле, жакынкы 4 жылда компания менен өнүмдөрдү экспорттоо боюнча келишимдер түзүлгөн,”-деп белгиледи министр өз сөзүндө.

 

https://www.tazabek.kg/news:1752548?from=portal&place=last&b=1