28.02.22

Анкара шаарында 2022-жылдын 25-февраль күнү, Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги Түркиянын Өнөр жайчылар, ишкер аялдар жана ишкерлер конфедерациясы (Sankon)  менен биргеликте уюштурган “Кыргызстан-Түркия” бизнес форуму болуп өттү.

Бизнес-форумга Түркиядан алтымыштан ашык ишкерлердин катышуусунда оффлайн режиминде өтүп, Кыргызстандан 10 бизнесмен форумга онлайн форматында катышты.

Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев өз сөзүндө, катышуучуларга эки өлкөнүн соода-экономикалык мамилелери, Кыргызстандын инвестициялык потенциалы жана биздин өлкөдө бизнес жүргүзүү үчүн түзүлгөн шарттар тууралуу маалымат берди.

Элчи мырза  Кыргызстанда салыктардын аздыгы, энергетикалык потенциалынын 10% пайызы гана пайдаланылып жаткандыгын билдирди. Инвестицияларды коргоо жана кош салык боюнча эки тараптуу макулдашууларга, ошондой эле ВСП+ жана ВСП программаларынын алкагында кызматташууга токтолуп өттү. Элчи Түркиянын ишкерлерин, Кыргызстанга активдүү инвестиция салууга жана өндүрүш жайларын ачууга чакырды.

Түркиянын Өнөр жайчылар, ишкер аялдар жана ишкерлер конфедерациясынын (Sankon)   президенти Ферудун Жевахироглу бул конфедерацияга мүчө компаниялардын Кыргызстандын бизнес-коомчулугу менен байланыштарын арттырууга, ошондой эле инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууну, анын ичинде ишке ашырууну кароого даяр экендигин билдирди.

Ошондой эле бизнес-форумда Кыргызстандын Инвестициялар жана өнүктүрүү агенттигинин өкүлү Кыргызстандын энергетика, кайра иштетүү өнөр жайы, туризм жана транспорт тармагындагы инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү жана долбоорлору боюнча баяндама жасады.

Форумдун алкагында экспорт, импорт, машина куруу, коргонуу өнөр жайы, курулуш, маалымат технологиялары, металлургия, энергетика, медицина, билим берүү, финансы жана банк иштери, туризм, текстиль, тамак-аш жана башка тармактар боюнча маалыматтар берилди.

https://mfa.gov.kg/ru/osnovnoe-menyu/press-sluzhba/novosti/v-g-ankara-sostoyalsya-biznes-forum-kyrgyzstan-turciya-organizovannyy-posolstvom-kyrgyzskoy-respubliki-v-turcii-sovmestno-s-tureckoy-konfederaciey-promyshlennikov-delovyh-zhenshchin-i-predprinimateley-Sankon