01.03.22

Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы Жанарбек Акаев жана депутат Нурланбек Азыгалиев 28-февраль күнү, Түркиядан келген ишкерлер жана Кыргызстандын Бурса шаарындагы ардактуу консулу Тутуш Билал менен жолугушту.

Көрүшмө учурунда, Түркия жана Кыргызстандын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланганын парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө, түрк ишкерлери Кыргызстандын текстиль тармагында долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экендигин билдиришти.

Маалым болгондой, Түркия тарап Кыргызстандын “Дордой”, “Мадина”, “Кара-Суу” базарлары аркылуу тышкы рынокко чыгууну караштырууда.

Нурланбек Азыгалиев буга чейин, Кыргызстан менен Түркиянын Соода-өнөр жай палаталарынын “Кыргыз-Түрк” форумуна төрагалык кылгандыгын билдирип өттү.

Анын айтымында, Түркиялык ишкерлер 180 миллион калкы бар рынокко чыгууга мүмкүнчүлүк алгандыктан, эки өлкөнүн соода алакасынын келечеги көпттү үмүттөндүрөт.

Буга байланыштуу ал экспорт-импортту гана эмес, өндүрүшкө инвестиция тартуунун да маанилүүлүгүн белгилеп өттү.

https://centralasia.news/13997-turcija-namerena-sotrudnichat-s-kirgiziej-v-sfere-tekstilnoj-promyshlennosti.html