03.03.22

Түркиялык “Decna Bishkek Textile” компаниясы Кара-Балта шаарында ири текстиль фабрикасын куруп жатат. Инвестор буга чейин фабриканын курулушуна 10 миллион доллар короткон жана 2025-жылга чейин дагы 22 миллион доллар акча каражатын сарптамакчы. Долбоордун жалпы баасы 27 миллион долларга бааланган.

Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин депутаты Нурланбек Азыгалиев 2-мартта аталган компаниянын өкүлү Йылмаз Алдуз менен жолугушканын парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой курулушу өткөн жылы башталган болучу.  Текстиль фабрикасы 93 миң квадрат метр аянтка жайгашкан. Ишканада алгач 400 жакын адам иш менен камсыз болуп, күнүнө 20 тоннага жакын жип жана кездеме өндүрүлөт. 2027-жылга карата курулуш аяктагандан кийин завод 1200 жакын адамды жумуш менен камсыз кылып, өндүрүштүн көлөмү суткасына 100 тонна продукцияга чейин көбөйтүлөт. Ошондой эле жумушчулардын басымдуу бөлүгүн аялдар түзөрү болжолдонууда.

Мындан тышкары, өндүрүлгөн продукциянын 85% пайызга жакынын коңшу өлкөлөргө жана Европа өлкөлөрүнө экспорттоо пландалууда.

Компаниянын өкүлү белгилегендей, жаңы заводдун курулушуна көз салып турган көптөгөн чет элдик ишкерлер инвестиция салууга  кызыкдар болушууда. Мындан тышкары, компаниянын өкүлүнүн айтымында, Кыргызстанда пахта өстүрүп  сырье менен өздөрүн камсыздоону пландап жатышкандыгын билдирди.

Эл өкүлү мындай ишканалардын ачылышы өлкөдөгү жумушсуздукту азайтып, аймактарды өнүктүрүүгө өбөлгө болорун баса белгиледи.

https://economist.kg/novosti/2022/03/03/tureckij-investor-stroit-v-kara-balte-krupnuju-tekstilnuju-fabriku/