08.04.22

Бишкек шаарында болуп өткөн “Келечектин жеткиликтүү жана туруктуу энергиясы жолунда, Кыргызстандын энергетика секторун трансформациялоо” Эл аралык энергетикалык форумунун алкагында, бир катар инвестициялык макулдашууларга жана меморандумдарга кол коюлду.

Аларга Ысык-Көл облусунда кубаттуулугу 1000 мегават (МВт) электр станциясын куруу боюнча инвестициялык макулдашууга Кыргызстандын Энергетика министри Доскул Бекмырзаев, Кыргызстандын Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев жана чет өлкөлүк энергетикалык компаниялардын консорциумунун өкүлдөрү Жао Жанган (CPID компаниясы), Гу Хэй Юн (CR20G компаниясы) ортолорунда кол коюлду.

Өз кезегинде, Ысык-Көл облусунда 200 мегават (МВт) күндөн энергия алган станция жана ГЭС куруу боюнча өз ара түшүнүшүү меморандумуна Кыргызстандын Энергетика министри Доскул Бекмырзаев жана Испаниянын “Ecoener” энергетикалык компаниясынын өкүлү Рикардо Томас Герьереро кол коюшту.

https://kabar.kg/news/mezhdunarodnyi-energeticheskii-forum-v-ramkakh-meropriiatiia-podpisano-investitcionnoe-soglashenie-i-memorandum/