11.04.22

Кыргызстан жана Түркия соода-экономикалык кызматташуу маселелерин талкуулашты. Бул тууралуу, Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматынын маалымат  кызматы билдирди.

Кыргызстандын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков жана Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин өкүлү Хусейн Коч жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстандын жана Түркиянын ортосундагы соода-экономикалык кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Тараптар Кыргызстан менен Түркиянын бажы кызматтарынын ортосундагы эки тараптуу кызматташуу жана  эки өлкөнүн бажы органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда пландаштырылган эл аралык иш-чараларды талкуулашты.

https://kabar.kg/news/kyrgyzstan-i-turtciia-obsudili-voprosy-torgovo-ekonomicheskogo-sotrudnichestva/