11.04.22

Башкортостандан келген делегация, Кыргызстандан кездемелерди жана атайын тигилген кийимдерди сатып алууга  кызыкдар. Бул тууралуу “Орус-кыргыз” өнүктүрүү фондунун (ОКӨФ)    маалымат кызматы билдирди.

Фонддун жетекчилиги 11-апрель күнү, Башкортостандан келген делегация менен жолугушту. Делегациянын курамында химия, тамак-аш, кайра иштетүү өнөр жай жана курулуш тармактарынан 10 ишкананын өкүлдөрү келишкен.

Башкортостандан келген делегация мүчөлөрү, Кыргызстанда өндүрүлгөн кездемелерди жана тигилген кийимдерге кызыкдар экендигин билдиришти. “Орус-кыргыз” өнүктүрүү фондунун (ОКӨФ) өз кезегинде текстиль өндүрүшү жана атайын кийимдерди тигүү боюнча өздөрүнүн долбоорлорун сунушташты. Тараптар текстиль тармагында иштешүүнү ошондой эле логистикалык борборлорду жана россиялык компаниялар үчүн жергиликтүү кампаларды пайдалануу боюнча кызматташууну макулдашышты.

https://economist.kg/kyrgyzcha/2022/04/11/bashkortostan-kyrgyzstandyn-tekstil-n-r-zhajyna-kyzykdar/