14.04.22

Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Өзбекстандын Вице-премьер-министри, инвестициялар жана тышкы соода министри Сардор Умурзаков менен 14-апрелде   жолугушту.

Бул тууралуу, Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди. Жолугушууда тараптар “Камбар-Ата ГЭС-1” куруу долбоорун ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты. Ошондой эле Акылбек Жапаров, өлкөлөр ортосундагы товар жүгүртүүнү 2 миллиард долларга жеткирүү үчүн чек арага жакын аймакта биргелешкен ишканаларды, мал чарба кластерлерин, логистикалык борборлорду жана эркин экономикалык аймакты түзүүнү сунуштады.

“Өзбек-кыргыз” өнүктүрүү фондунун алкагында, Кыргызстан дагы бир нече долбоорлорду сунуштады.

Аларга, Кызыл-Кыя шаарында чек ара соодасы боюнча соода-логистикалык борбордун курулушу, бул борборду “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” мультимодальдык транспорт коридору менен байланыштыруу үчүн “Эркештам-Дароот-Коргон-Үч-Коргон” автожолунун курулушу дагы бар.

“Камбар-Ата ГЭС-1” куруу Кыргызстандын 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн улуттук программасына киргизилген.

2021-жылы Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Өзбекстанга болгон иш сапарынын жыйынтыгында “Камбар-Ата ГЭС-1” куруу инвестициялык долбоорун биргелешип даярдоо жөнүндө макулдашууга кол коюлган.

https://centralasia.media/news:1775031