14.04.22

“Өзбек-Кыргыз” өнүктүрүү фондунун уставдык капиталы учурда 50 млн долларды түзөт. Келечекте анын капиталы 200 млн долларга чейин жогорулатылат. Бул тууралуу, Кыргызстандын Министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, президент Садыр Жапаров өткөн жылы августь айында “2021-жылдын 11-мартында Ташкент шаарында кол коюлган Кыргызстандын өкмөтү менен Өзбекстандын өкмөтүнүн ортосундагы “Өзбек-Кыргыз” өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамга кол койгон.

Ал эми “Өзбек-Кыргыз” өнүктүрүү фондун расмий ачуу салтанаты 14-апрель күнү болуп өттү. Ага Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана Өзбекстандын премьер-министринин орун басары, Инвестиция жана тышкы соода министри Сардор Умурзаков катышты.

Акылбек Жапаров белгилегендей, Өзбекстан Кыргызстандын маанилүү соода-экономикалык өнөктөшүнүн бири болуп саналат.

Акылбек Жапаров:  “Кыргызстандын товар жүгүртүүсүнүн көлөмүн жогорулатуу боюнча чечкиндүү аракеттерди көрүүгө даяр. Бүгүнкү күндө эки өлкөнүн чек арасына жакын аймакта логистикалык борборлорду куруу боюнча долбоорлор активдүү фазада ишке ашырылууда.

Кызыл-Кыя шаарындагы Фергана жана Баткен облустарын байланыштырган соода-логистикалык борборду курууга жана ишке киргизүүгө өзгөчө көңүл бурулууда. Аталган соода-логистикалык борборду ишке киргизүү өлкөлөр ортосундагы экспорттук-импорттук операцияларды өнүктүрүүгө чоң түрткү берет деп ишенем”, – деп белгилеп өттү. 

Эскерте кетсек, мурдагы Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Азиз Аалиев “Өзбек-Кыргыз” өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы болуп, 3 жылдык мөөнөткө дайындалган.

https://economist.kg/kyrgyzcha/2022/04/14/zbek-kyrgyz-n-kt-r-fondunun-kapitalyn-200-mln-dollarga-chejin-k-t-r-plandaluuda/