19.04.22

Кыргызстандын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев 19-апрель күнү, Түркиянын Кыргызстандагы  атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Ахмет Садык Доган менен көрүштү. Бул тууралуу,  Тышкы иштер министрлигинин  маалымат кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө, тараптар Кыргызстан-Түркия стратегиялык кызматташтыгынын учурдагы күн тартибин талкуулап, бардык деңгээлдеги эки өлкөнүн саясий диалогунун учурдагы абалы жогору экендигин белгилешти. Жакынкы келечектеги өз ара кышматташуунун артыкчылыктуу багыттарын белгилешип, алдыдагы иш-чаралардын жана пландаштырылган бийик жана жогорку деңгээлдеги иш сапарлардын графигин карап чыгышты.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрилигинин басма сөз кызматы: “Руслан Казакбаев эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты чыңдоонун маанилүүлүгүн айтып, соода жүгүртүүнүн көлөмүн көбөйтүүгө, долбоорлорду ишке ашырууга, эки өлкөнү кызыктырган инвестициялык фондду түзүү жана Кыргызстан-Түркия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги соода-экономикалык кызматташтык боюнча комиссиясынын (IGC) жыйынын өткөрүү маселесин ортого салды”, – деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле Казакбаев Түрк мамлекеттер уюмунун жана Түрк тилдүү өлкөлөрдүн, Парламенттик ассамблеясында (ТүркПА) кызматташтыкты өнүктүрүү алкагында, тараптардын ортосундагы тыгыз өз ара аракеттенүүнү улантууга маани берүү менен кыргыз тарап жүргүзүп жаткан иш-чаралардын маанилүүлүгүн белгиледи.

https://economist.kg/kyrgyzcha/2022/04/19/tim-t-rk-elchisi-menen-investiciyalyk-fondun-t-z-maselesin-talkuulady/