20.04.22

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 20-апрелде, Азербайжандын Баку шаарында расмий сапарынын алкагында, жергиликтүү ири бизнестин өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууга мунай өндүрүү, курулуш, туризм, энергетика, телекоммуникация, жогорку технологиялар, айыл чарба, тоо кендерин иштетүү, камсыздандыруу тармагындагы “SOFAZ”, “SOCAR”, “AZERGOLD”, “AZVIRT”, “LU-MUN HOLDIN”, “NEQSOL HOLDING”, “AZERSUN HOLDING”, “PASHA HOLDING” сыяктуу ири компаниялардын жетекчилери катышты.

Жыйындын ачылышынан кийин катышуучуларга Кыргызстандагы инвестициялык климат тууралуу видеотасма тартууланды.

Андан соң президент Садыр Жапаров сөз сүйлөп, экономиканын келечектүү тармактарына токтолуп, негизинен потенциалдуу инвесторлорду ата мекендик экономиканын түрдүү тармактарындагы долбоорлорду ишке ашырууга катышууга чакырды.

Азербайжандын экономика министри Микаил Жаббаров да сөз сүйлөп, эки өлкөнүн президенттери Садыр Жапаров менен Ильхам Алиевдин ийгиликтүү сүйлөшүүлөрүнөн кийин соода-экономикалык байланышты жана инвестицияны көбөйтүүгө жагымдуу шарттар түзүлгөнүн белгиледи.

Азербайжандын экономика министри Микаил Жаббаров: “Биз боордош өлкөлөргө инвестиция тартууну колдойбуз, Кыргызстанга инвестиция тартуу биздин ишмердүүлүктүн артыкчылыктуу багыты болоруна ишениңиздер”, - деп белгилеп өттү.

Жолугушуу “суроо-жооп” форматында уланып, Президент Садыр Жапаров жана Кыргызстандын мамлекеттик органдарынын жетекчилери азербайжандык ишкерлердин суроолоруна кеңири жооп беришти.

Ошондой эле мамлекет башчысынын катышуусунда, Кыргызстандын президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиги жана Азербайжандын Экспорт жана инвестицияларды илгерилетүү агенттигинин (AZPROMO) ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду.

http://kg.kabar.kg/news/sadyr-zhaparov-azerbaizhandyk-iri-biznestin-k-ld-r-menen-zholugushtu/