23.04.22

2022-жылдын 19-22-апрель күндөрү, Пакистандын Исламабад жана Лахор шаарларында, Кыргызстандын жана Пакистандын бизнес чөйрөлөрүнүн өкүлдөрүнүн катышуусунда “Кыргызстан-Пакистан” соода-инвестициялык форуму болуп өттү.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, бул иш-чара, Кыргызстандын Пакистандагы элчилигинин демилгеси менен “USAID” уюмунун Экономикалык интеграция боюнча аймактык кеңсесинин, Пакистан өкмөтү жана  ошондой эле Исламабад жана Лахор шаарларынын соода-өнөр жай палаталарынын колдоосу менен уюштурулду.

Кыргызстандын делегациясынын курамына айыл чарба, логистика, фармацевтика, туризм, тамак-аш өндүрүшү, курулуш, IT индустриясы, текстиль, кыргыз өнөр жайчылары, ишкерлер союзу, ошондой эле “Бишкек” эркин экономикалык аймагынын башкы дирекциясынын өкүлдөрү катышты.

Форумдун жүрүшүндө, кыргызстандык компаниялардын өкүлдөрү өздөрүнүн ишмердүүлүгү, ошондой эле Пакистандын рыногунда кызыккан багыттары боюнча кеңири баяндамаларды жасашты. Өз кезегинде, Пакистандын өкүлдөрү өлкө аймагында бизнес жүргүзүүнүн шарттары жана артыкчылыктары, эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык потенциал жана аны өнүктүрүүнүн келечеги, ошондой эле башка темалар боюнча кеңири маалымат берди.

Иш-чаранын алкагында, кыргызстандык жана пакистандык бизнес чөйрөлөрүнүн өкүлдөрүнүн ортосунда “B2B” форматында жолугушуулар жана сүйлөшүүлөр болду.

Форумдун жыйынтыгында төмөнкү меморандумдарга кол коюлду:

  1. “Бишкек” Эркин экономикалык аймагынын башкы дирекциясы жана эл аралык атайын экономикалык аймагынын жана Пакистандык “Pvt.  ООО” компаниясынын ортосунда;
  2. Кыргызстандын “Бай Элим Компани” жоопкерчилиги чектелген коомунун (ЖЧК) жана Пакистандык “HAC AGRI Limited” компаниясынын ортосунда кант азыктарын жеткирүү боюнча өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюлду.

    https://kabar.kg/news/v-islamabade-i-lakhore-proshel-kyrgyzsko-pakistanskii-torgovo-investitcionnyi-forum/