26.04.22

Түркмөнстандын Кыргызстандагы элчиси Шадурды Мередов Түркмөнстан тарап Кыргызстан менен эки тараптуу “бизнес форум” өткөрүү демилгелеп жаткандыгын билдирди. Бул тууралуу, ал Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын президенти Марат Шаршекеев менен болгон жолугушууда билдирген.

Элчинин айтымында, эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүү акыркы жылдары байкаларлык жанданып, 2021-жылы эки эседен ашык көбөйүп, 80 миллион доллардан ашкан.

Кыргызстан негизинен, Түркмөнстандан жашылчаларды сатып алат. Түркмөнстандын элчиси Шадурды Мередов: “Мен соода жүгүртүүнүн мындан ары да өсүшүн каалайт элем. Биз Кыргызстандык ишкерлердин продукциясын экспорттоо боюнча ар кандай сунуштарын кароого даярбыз. Биз тараптан Түркмөнстанда күнөскана тармагы жана полипропилен жана полиэтилен продукциясын өндүрүү жигердүү өнүгүп жатат деп айта алам”, - деп белгилеп өттү.

Элчинин айтымында, эки өлкөнүн башчыларынын ортосунда уставдык капиталы 100 миллион доллар болгон “Кыргызстан-Түркмөнстан” өнүктүрүү фондун түзүү боюнча макулдашууга жетишилген. Азыркы учурда, Бишкек шаарында соода түйүндөрү бар турак-жай куруу боюнча биргелешкен долбоор ишке ашырылып жатат. Ошондой эле биргелешкен ишканаларды түзүү жана Бишкекте Түркмөнстандын соода үйүн ачуу пландалууда.

Кыргызстан жана Түркмөнстан “Бизнес-форум” июнь айында өткөрүү пландалууда. Бирок Түркмөнстанда пандемияга байланыштуу чектөөлөрдөн улам, иш-чара онлайн режиминде өткөрүлөт. Чектөөлөр алынгандан кийин дароо эки өлкөнүн бизнес чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү офлайн жолугушуу өткөрүүнү көздөп жатышат.

https://economist.kg/novosti/2022/04/26/v-ijune-planiruetsya-provedenie-kyrgyzko-turkmenskogo-biznes-foruma/