04.05.22

Венгриялык компаниялар Кыргызстанга банкоматтарды жеткирүүгө жана электр станцияларын курууга даяр. Бул тууралуу, 3-май күнү Кыргызстандын Экономика министри Данияр Амангелдиев жана Бишкекке расмий иш сапары менен келген Венгриянын Тышкы иштер жана тышкы соода министри Петер Сийярто менен болгон жолугушуу учурунда белгилүү болду.

Жыйындын жүрүшүндө, ведомстволордун жетекчилери “Венгрия-Кыргыз” өнүктүрүү фондунун ишмердүүлүгүн, атап айтканда, негизги ченемдик укуктук актыларды макулдашуу жана бекитүү процессин аяктоо маселелерин талкуулашты. Сүйлөшүүлөрдө инвестициялык долбоорлорду тандоого жана андан кийин жеңилдетилген кредит берүүгө “Венгрия-Кыргыз” өнүктүрүү фондунун даярдыгы белгиленди.

Ошондой эле электр станцияларын куруу, суу чарбасы, Венгрияда өндүрүлгөн банкоматтарды жана бодо малдарды  Кыргызстанга алып келүү жана биргелешкен ишканалардын долбоорлору талкууланды.

Венгриянын Тышкы иштер жана тышкы соода министри Петер Сийярто  белгилегендей, бул  долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашыруу  “Венгрия-Кыргыз” өнүктүрүү фондунун уставдык капиталын дагы 34 миллион доллардан  50 миллион долларга чейин көбөйтүүгө мүмкүндүк берет.

https://economist.kg/novosti/2022/05/04/postavlyat-bankomaty-i-stroit-elektrostancii-namereny-vengerskie-kompanii-v-kr/