02.05.22

Бишкек шаарында  “Кыргызстан-Казакстан” өкмөттөр аралык кеңешинин 10-жыйыны аяктап, анын жыйынтыгында тиешелүү протоколдорго кол коюлду. Бул тууралуу, Кыргызстандын Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Кеңештин жыйынында, тараптар өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты, анын ичинде эки тарапка тең пайдалуу долбоорлорду ишке ашыруу жана биргелешкен ишканаларды түзүү аркылуу мындан ары аны кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилешти.

Өкмөттөр аралык кеңеш, Кыргызстан менен Казакстандын ыйгарым укуктуу органдарына экономиканын приоритеттүү тармактарында келечектүү инвестициялык долбоорлордун реестрин түзүү жолу менен инвестициялык кызматташууну активдештирүү тапшырмасын берди.

 “Ак-Тилек” (Кыргызстан) жана “Карасу” (Казакстан) автожол өткөрүү постторунун аймагында, өнөр жай соода-логистикалык комплексин куруу жана бул аймакта, ошондой эле биргелешкен эркин экономикалык аймактарын  жана ишканаларды түзүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну макулдашышты.

Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү кызматташтыктын алкагында, маалымат технологиялары, байланыш, электрондук өкмөт, ошондой эле IT чөйрөсүндөгү адистерди даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу жаатында тажрыйба алмашуу жана долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну макулдашышты.

Эскерте кетсек, “Кыргызстан-Казакстан” өкмөттөр аралык кеңешинин кийинки 11-жыйыны 2023-жылы Казакстанда өтөт.

https://economist.kg/novosti/2022/04/29/kyrgyzstan-i-kazahstan-sformirujut-reestr-perspektivnyh-investproektov/