11.05.22

Кыргызстандын Экономика министри Данияр Амангелдиев 11-май күнү, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) башкаруучулар кеңешинин жылдык жыйынынын алкагында, Түркиянын казына жана каржы министри Нуреддин Небати менен жолугушту.

Бул тууралуу, Кыргызстандын Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө, тараптар көрүшмө учурунда, кызматташуунун учурдагы абалын, аны кеңейтүү жана активдештирүү мүмкүнчүлүктөрүн, ошондой эле өкмөттөр аралык комиссиянын ишмердүүлүгүн талкуулашты.

Өлкөлөр ортосундагы ишенимди чыңдоого, Кыргызстандын экономикасынын бүтүндөй тармактарын өнүктүрүүгө жана жаңы технологияларды киргизүү үчүн экономикалык инструменттерди түзүүгө жардам бере турган “Кыргызстан-Түркия” өнүктүрүү фондун түзүү маселелери каралды, деп кошумчалайт басма сөз кызматы.

Ошондой эле Экономика министрлигинин басма сөз кызматы: “Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар, Кыргызстан жана Түркия  мамилелери келечекте прогрессивдүү жана жемиштүү өнүгүүгө ээ болоруна ишене тургандыктарын  белгилешти”, - деп билдирет.

https://economist.kg/novosti/2022/05/12/s-ministrom-finansov-turcii-obsuzhden-vopros-sozdaniya-turecko-kyrgyzskogo-fonda-razvitiya/