31.06.22

Кыргызстандагы эң ири өнөр жай ишканаларынын бири “Текстил Транс” текстиль фабрикасы Американын эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (USAID) колдоосу менен Кыргызстанда алгачкы жолу жынсы кийимдеринин өндүрүшүн ишке киргизип жатат.

Американын элчилигинин басма сөз кызматы билдиргендей, 31-май күнү “USAID” уюму Кыргызстандын “Текстил Транс” компаниясына 8,4 миллион сомдук заманбап жабдууларды тапшырды.

Бул жабдуулар жынсы кийимдерин жасоо, жууп тазалоо, кайнатуу, кургатуу жана үтүктөө үчүн колдонулат. Ал эми, “Текстил Транс” компаниясы курулуш иштерине жана кошумча тигүү жабдууларын сатып алууга инвестиция салган болучу.

Инвестициялар компанияга толук циклдеги жынсы өндүрүшүн ишке киргизүүгө жана эркектер, аялдар жана балдар үчүн ар түрдүү буюмдарды сунуштоого мүмкүндүк берет, деп айтылат маалыматта.

“Текстиль Транс” компаниясы жана “Салкын” компаниялар тобунун директорлор кеңешинин төрагасы Нургазы Мышыев: “Өткөн жылы биз “MENIKI” бренди менен биринчи ата мекендик мас-маркет ачканбыз. Быйыл “USAID” уюмунун колдоосу менен Кыргызстанда биринчи жолу жынсы тигүүчү өндүрүшүн ишке киргизип жатабыз. Биздин максат  жогорку сапаттагы жынсы шым продукциясын алгач жергиликтүү, акырындап чет элдик керектөөчүлөргө сунуштоо”-деп билдирди. Мындай кеңейүүнүн натыйжасында компанияда 350 ашык жаңы жумушчу орундары  түзүлүп, продукциясын сатуунун көлөмү жогорулашы  күтүлүүдө.

https://economist.kg/novosti/2022/05/31/vpervye-v-kyrgyzstane-budet-zapushheno-proizvodstvo-dzhinsovoj-odezhdy-foto/