15.07.22

Индиянын туроператорлору жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү өлкөнүн туристтик потенциалы менен таанышуу үчүн Кыргызстанга келишти. Ошол эле учурда индиялыктарды, Кыргызстандын бир гана жаратылышы гана эмес башка нерлер дагы кызыктырат.

Кыргызстанга келген туристтердин эң көп агымы салттуу түрдө жай мезгилине туура келет, бирок Индия тарап бардык мезгилдерге, анын ичинде кышкы жана күзгү туристик турларга кызыкдар экенин Индиянын “Salvia Promoters Pvt Ltd” туристтик компаниясынын директору Прашант Чаудхари билдирди.

Прашант Чаудхари: “Биздин туристтерди Кыргызстандын жаратылышы гана эмес, Кыргызстандын тарыхы дагы кызыктырат. Өлкөңүздө майрамдарды өткөрүү, жада калса үйлөнүү тоюн өткөрүү да кызыктуу. Биз мамлекеттерибиздин ортосундагы аба каттамдарынын санын жумасына төрт ирет учууларга жеткирүүнү каалайбыз”, - деп белгилеп өттү.

Индиянын туризм индустриясынын өкүлүнүн айтымында, туризм алардын өлкөсүндөгү эң тез өнүгүп жаткан рынокторунун бири. Материалдык жактан орточо камсыз болгон  индиялык жаран жылына саякатка 2000 доллар коротот.

Прашант Чаудхари:  “Биз жакынкы жылдарда, Индиялык туристтердин саны 50 миллионго чейин көбөйөт деп күтүп жатабыз. Ошолордун 5% пайызы Кыргызстанга келишсе сиздердин  туризм тармагы үчүн бул олуттуу өсүш болушу мүмкүн”, - деп билдирди.

Прашант Чаудхари кошумчалагандай, индиялык делегацияга кыргызстандыктардын меймандостугу жана жаратылышынын кооздугу абдан жагымдуу маанай тартуулаган. Ал айрым индиялык режиссёрлор, Кыргызстандын тоолорунда азыртадан эле тасмаларды тартып жатышканын жана мындан ары да тартыла турганын билдирди.

https://kabar.kg/news/indiia-khochet-uvelichit-kolichestvo-svoikh-turistov-v-kyrgyzstane/