13.09.22

Алты айдын ичинде, Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы товар жүгүртүү 568 млн долларды түзүп, былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу дээрлик 24% пайызга өскөн.

Бул тууралуу, Кыргызстандын жана Казакстандын ортосундагы соода-экономикалык кызматташуу боюнча жумушчу топтун экинчи отурумунда белгилүү болду.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, тараптар эки тараптуу соода-экономикалык кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Кыргызстандын Министрлер кабинетин төрөгасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев: “Эки өлкөнүн президенттери мамлекеттер ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмүн 2 млрд долларга жеткирүү милдетин коюшту. Бул милдет өкмөттөр аралык кеңештин 10-отурумунун протоколунда жана мамлекет башчыларынын биргелешкен билдирүүсүндө да көрсөтүлгөн”, – деп билдирип өттү.

Жолугушуунун жыйынтыгында, Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтык боюнча жумушчу топтун 2-жыйынынын протоколуна, Кыргызстандын Экономика министрлиги менен Казакстандын Соода жана интеграция министрлигинин ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга, Кыргызстандын Айыл чарба министрлиги менен Казакстандын Соода жана интеграция министрлигинин ортосундагы мөмө-жемиштерди жана жашылчаларды жеткирүүнү уюштуруу жөнүндө өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюлду.

https://kg.economist.kg/news/2022/09/12/2022-zhyldyn-birinchi-zharymynda-kr-menen-kazakstandyn-ortosundagy-tovar-zh-g-rt-568-mln-dollarga-zhetti/