22.09.22

2022-жылдын алгачкы жети айында, Кыргызстанга 3,8 миллион турист келген, бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу дээрлик эки эсеге көп. Бул тууралуу, Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) баяндамасында айтылат.

Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) билдирүүсүндө белгилегендей, келген туристердин өсүшү менен кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмү 3,5% пайызга өскөн, ал эми тамак-аш жана мейманкана секторунда өсүш 12,5% пайызга жогорулаган.

Эскерте кетсек, Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, үстүбүздөгү жылдын биринчи жарым жылдыгында, Кыргызстандын чек арасынан өткөн чет элдик жарандардын саны азыркы убакка чейин 2,6 миллион адамды түзгөн.

Алардын 97% пайызы же 2,5 миллион адам КМШ өлкөлөрүнүн жарандарынын үлүшүнө туура келет. Алардын көпчүлүгү Өзбекстандын, Казакстандын жана Орусиянын жарандары болуп эсептелет.

Ал эми КМШ өлкөлөрүнөн тышкары, келген чет элдик жарандардын саны 74 миңден ашкан жана өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 1,8 эсеге көпттүк кылат. Алар Түркия, Германия, Америка, Индия, Кытай, Монголия жана Сауд Аравия өлкөлөрүнүн  жарандары болушту.

https://economist.kg/novosti/2022/09/22/kyrgyzstan-v-etom-godu-posetili-pochti-4-mln-turistov/