26.09.22

Кыргызстан жана Түштүк Корея  электромобилдерди жана жеңил жүк ташуучу унааларды чыгаруучу биргелешкен ишкана ачууга кызыкдар.

Бул тууралуу 26-сентябрда “Кыргызиндустрия” ачык акционердик коомунун жетекчиси Жарасул Абдураимов Бишкекте өткөн алгачкы “Кыргыз-корей” форумунда билдирди.  Жарасул Абдураимов: “Биз кооперация түзүүгө жана жүргүнчүлөрдү ташуучу электромобилдерди жана жеңил жүк ташуучу унааларды чыгаруу боюнча биргелешкен ишканаларды ачууга даярбыз. Мисалы, биздин өлкөдө абдан популярдуу болгон “Hyundai Porter” маркасындагы унааларды айтууга болот”, - деп белгилеп өттү.

Анын айтымында, учурда Кыргызстандын жеңил жана текстиль өнөр жайы боюнча Түштүк Кореянын тажрыйбасын алууга кызыкдар. Жарасул Абдрураимов: “Заманбап технологияларды тартуу экономиканын бул секторун атаандаштыкка жөндөмдүү тармактардын бирине айландырууга жардам берет. Биз кызматташууга абдан кызыкдарбыз”, - деп кошумчалап өттү. Эскерте кетсек, “Кыргыз-корей” форумун Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчилиги жана Кореянын “Боёк жана дизайн” технологиялары институту уюштурган.

https://www.tazabek.kg/news:1807022?from=tazabek&place=mainlast