10.10.22

Кыргызстан Өзбекстан менен биргелешкен туризм долбоорун баштоону пландоодо. Бул тууралуу, 10-октябрда бизнес-коомчулуктун жана мамлекеттик органдардын жолугушуусунда Кыргызстандын Улуттук инвестиция агенттигинин өкүлү Бакыт Дозоев билдирди.

Анын айтымында, учурда туризм тармагында, Өзбекстан менен кызматташуу мүмкүнчүлүгү каралууда. Бакыт Дозоев: “Биз керектүү тезистерди түзүп, бирдиктүү «Биргелешкен туризм»  продуктусун түзүүнү сунуштаганбыз, Өзбекстан биздин сунушубузду  колдоду. Азыркы учурда, Өзбекстанда туризм өнүккөнү жашыруун эмес, биз Кыргызстанга Өзбекстандан туристтерди жөнөтүшсүн деп жатабыз. Биз келген туристерди Кыргызстандын түштүгүндөгү Сулайман-Тоону жана Ысык-Көлгө алып келип көргөзсөк болот», - деп белгилеп өттү. Бул пландарды ишке ашыруу үчүн Бакыт Дозоевдин айтымында, мамлекеттер аралык келишим даярдалып, биргелешкен ишкана түзүлөт.

https://www.tazabek.kg/news:1809849?from=tazabek&place=mainlast