11.10.22

Азербайжандын президенти Ильхам Алиевдин Кыргызстанга мамлекеттик сапарынын алкагында бүгүн, 11-октябрда, Кыргызстандын министрлер кабинети менен Азербайжан өкмөтүнүн ортосундагы “Кыргызстан-Азербайжан” өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө макулдашууга кол коюлду.

 “Кыргызстан-Азербайжан”  өнүктүрүү фонду эл аралык укуктун субъектиси, эл аралык укук жөндөмдүүлүгүнө ээ жана эл аралык келишимдерди түзүүгө укуктуу эл аралык уюм болот.

Фонд Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү, экономиканы модернизациялоо жана өнүктүрүү, мүмкүнчүлүктөрдү натыйжалуу пайдалануу максатында түзүлгөн.

Кыргызстан менен Азербайжандын биргелешкен эки тараптуу инвестициялык фондунун уставдык капиталы 25 миллион долларды түзөт. Штаб-квартирасы Бишкек шаарында жайгашат.

Фонддун түзүлүшү инвестициялык чөйрөдөгү кызматташтыкты активдештирүү жана кеңейтүү үчүн түрткү болот.

Фонд Кыргызстандагы уюштуруучулар үчүн артыкчылыктуу долбоорлорго инвестициялоону кредиттерди жана зайымдарды берүү жана өлкөдө катталган жана иш алып барган чарбакер субъекттер менен болгон мамилелерде башка финансылык инструменттерди колдонуу аркылуу ишке ашырат. Анын ичинде агроөнөр жай комплекси, суу менен камсыздоо сектору, саламаттыкты сактоо, автомобиль өнөр жайы, илим, изилдөө жана технология, газ өнөр жайы, тигүү жана текстиль өнөр жайы, тоо-кен жана металлургия өнөр жайы жана башка тармактарга финансылык көмөк көргөзөт.

http://kg.kabar.kg/news/kyrgyzstan-menen-azerbaizhan-birgeleshken-n-kt-r-fondun-t-z-sh-t-makuldashuuga-kol-koiuldu/