13.10.22

Кыргызстан, Иран, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Тажикстандын транспорт министрлери өлкөлөр ортосундагы транзиттик товар ташууну кеңейтүү маселесин талкуулашты. Бул тууралуу Кыргызстандын Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Тараптар Борбордук Азиянын деңизге чыга албаган өлкөлөрүн дүйнөлүк рынокторго чыгуусу үчүн потенциалдуу коридорлорду жана маршруттарды колдонууга керектүү жардамдарды берүүгө даяр экендиктерин  ырасташты. Алар белгилегендей, транзиттик товар ташуулар кеңейтилсе, келечекте болжол менен товардын көлөмү 20 миллион тоннаны түзүшү мүмкүн.

Кыргызстандын Транспорт министрлиги: «Иран, Казакстан жана Түркмөнстан Борбордук Азиянын башка өлкөлөрүнө транзиттик жүктөрдү ташууну жеңилдетүү үчүн Каспий деңизи аркылуу өткөн “Түндүк-түштүк” деңиз жолу коридорун сунушташты», - деп билдирди.

Сүйлөшүүлөрдө айдоочулар үчүн визалык процедураларды жөнөкөйлөтүү жана бардык транзиттик чыгымдарды азайтуу, жол кыймылына уруксаттарды жокко чыгаруу боюнча кызматташууну мындан ары дагы улантуу талкууланды. Жыйынтыгында министрлер транзиттик жүктөрдү өнүктүрүү боюнча биргелешкен билдирүүгө кол коюшту.

Ошондой эле Кыргызстандын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин, “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын өкүлдөрү жана Түркмөнстандын Министрлер кабинетине караштуу Транспорт жана коммуникациялар агенттиги, “Түркмөндемиреллары” агенттиги, “Түркмөнстан транспорттук-логистикалык борбору” өкүлдөрүнүн ортосунда жолугушуу болуп өттү.

https://www.tazabek.kg/news:1810532?from=tazabek&place=mainlast