23.01.23

Кыргызстандын Ош шаары Венгриянын шаарлары менен экономикалык байланыштарды өнүктүрүү жана инвестиция тартуу жаатында кызматташууну өнүктүрөт. Бул тууралуу 20-январь күнү, Ош шаарынын вице-мэри Жасур Азимов менен Венгриянын Кыргызстандагы элчиси Шандор Дорогинин жолугушуусу учурунда белгилүү болду. Бул тууралуу, Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө, эки тараптуу кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрүн жана буга чейин түзүлгөн бир тууган шаарлар келешиминин негизинде, билим берүү, экономика жана инвестиция тартуу багытында кызматташууну күчтөндүрүүнү  талкуулашты.

Жасур Азимов Венгриянын Сегед шаары менен Ош калаасынын  ортосунда бир тууган шаар келишими бар экендигин эске алуу менен баардык тармактарда өз ара пайдалуу кызматташтыкты бекемдөөнү, анын ичинде эки тараптуу байланыштарды өнүктүрүүнү сунуштады.

Венгрия элчиси өз кезегинде, эки тараптуу кызматташтыктын келечектүү багыттарын, анын ичинде экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүнү, биргелешкен ишканаларды көбөйтүүнү, “Венгерия-Кыргызстан” өнүктүрүү фонду аркылуу жаңы долбоорлорду колдоо ошондой эле университеттер аралык билим берүү кызматташтыгын кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында, эки тараптуу байланыштарды өнүктүрүү жана кызматташтыкты бекемдөө боюнча макулдашууга жетишилди.

https://economist.kg/novosti/2023/01/23/osh-budet-razvivat-dvustoronnie-svyazi-s-gorodami-vengrii/