24.01.23         

Казакстан жана Кыргызстандын бийликтери өлкөлөр ортосундагы товар жүгүртүүнү эки миллиард долларга чейин жеткирүүнү көздөөдө. Казакстандын Сенатынын (парламентинин) төрагасы Маулен Ашимбаев Бишкекке болгон иш сапарынын алкагында, Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин төрагасы Нурланбек Шакиев  менен  жолугушту. Бул тууралуу, КМШ уюмуна мүчө мамлекеттердин Парламенттер аралык ассамблеясынын басма сөз кызматы билдирди.

Тараптар мындан аркы экономика тармагында кызматташууну улантуу ниетин билдиришти. Жакынкы келечектеги планда өнөр жай соода-логистикалык комплексин түзүү каралган. Ошондой эле талкуунун жүрүшүндө, парламентарийлер “Чолпон-Ата-Алматы” автоунаа жолунун курулушу жана “Кичи-Капка-Бешагаш” өткөрүү пунктун кайра ишке киргизүү маселелери талкууланды. Мындан тышкары, маданий-гуманитардык кызматташтыкты чыңдоо боюнча биринчи аймактар ​​аралык форумду өткөрүү мүмкүнчүлүгүнө көңүл бурулду.

Маулен Ашымбаевдин айтымында, Казакстан жана Кыргызстандын аймактар ​​аралык өз ара кызматташуусу үчүн чоң потенциалы бар. Бул багытты мүмкүн болушунча эффективдүү кызматташууну күчөтүү керек экендигин билдирди. Казакстандын парламентинин башчысынын айтымында, мамлекеттердин чек ара аймактарында жайгашкан облустардын ортосундагы байланышты чыңдоого өзгөчө көңүл буруу зарыл. Бул багытта ийгиликтүү иштер жүргүзүлсө, анда жашаган калкттын социалдык-экономикалык абалына жакшы таасирин тийгизе тургандыгын белгилеп өттү.

https://centralasia.news/19173-do-2-mlrd-dollarov-mozhet-vyrasti-tovarooborot-mezhdu-kirgiziej-i-kazahstanom.html