27.01.23

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга мамлекеттик иш сапарынын алдында 26-январь күнү, Бишкек шаарында эки өлкөнүн бизнес-форуму болуп өттү. Бул тууралуу, Өзбекстандын Инвестициялар, өнөр жай жана соода министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

“Кыргызстан-Өзбекстан” бизнес-форумуна өкмөт мүчөлөрү, тиешелүү министрликтердин, облустук администрациялардын жетекчилери, ошондой эле эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн 350 ашык өкүлдөрү катышты. Форумдун жүрүшүндө эки өлкөнүн соода жүгүртүүсү беш жыл ичинде 7 эсеге өсүп, 2022-жылы 1,2 миллиард долларга жеткени баса белгиленди. Ошол эле учурда, жакынкы келечекте 2 миллиард долларга жетүү мүмкүнчүлүгү бар.

Эки өлкөнүн ишкерлеринин туруктуу өз ара аракеттенүүсү үчүн шарттарды түзүү максатында, онлайн платформа иштелип чыгат. Анын жардамы менен бизнес өкүлдөрү соода келишимдерин түзүү, өнөр жай кооперациясына тиешелүү даяр долбоорлорду табуу жана бизнес-өнөктөштөрдү тандай алышат.

Форумдун жыйынтыгында химия, электротехника, автомобиль, текстиль өнөр жай, айыл чарба, курулуш материалдарын өндүрүү, булгаары буюмдарын өндүрүү жана башка тармактарда жалпы суммасы 1,6 миллиард доллардан ашкан 50 ашык келишимдерге кол коюлду.

https://centralasia.media/news:1855643