26.01.23

Кыргызстандын Ош облусунда химиялык жер семирткичтерди өндүрүү жана Өзбекстанга экспортко жиберүү үчүн жүгөрү даярдоо боюнча жаңы “Кыргыз-өзбек” ишканасы ачылат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине берген маегинде, Кыргызстандын Улуттук инвестиция агенттигинин директорунун орун басары Нурадил Баясов билдирди.

Ал белгилегендей, бул долбоорду көптөн бери кызматташып келе жаткан эки өлкөнүн ишкерлери ишке ашырып жатышат. Тиешелүү келишимге алар 26-январь күнү, Бишкек шаарында өтүп жаткан “Кыргызстан-Өзбекстан” бизнес-форуму учурунда кол коюшту.

Нурадил Баясов: “Бүгүн жалпысынан 168 миллион долларга бааланган 11 документке кол коюлду. Жүгөрү жана эт азыктарын Өзбекстанга экспорттоо боюнча келишимдер ишке аша баштады. Алардын жалпы суммасы 120 миллион долларды түзөт. Компаниялар көп жылдар бою туруктуу кызматташып келет. Муну менен катар бүгүнкү күндө жер семирткичтерди өндүрүү жана жүгөрү экспорттоо боюнча биргелешкен ишкана түзүү мүмкүнчүлүгүн карап жатабыз. Ал Ош шаарында жайгашат”, - деп белгилеп өттү.

Ошол эле учурда Кыргызстандын Чүй облусунда, Өзбекстанга таандык “Ravon” маркасындагы унааларды өндүрүү үчүн ири долбоорго кол коюуга даярдалып жатканын билдирди. Документке Өзбекстандык “УзАвтоСаноат” жана Кыргызстандык “ДТ Техник” жана “НУР” компанияларынын ортосунда кол коюлат. Бул долбоор боюнча алгачкы меморандумга 2017-жылы түзүлгөн болучу. Ошол жылдан бери бир топ сүйлөшүүлөр жүрүп, талаштуу маселелер чечилди. Бүгүнкү күндө, Нурадил Баясов белгилегендей долбоор толук ишке ашыруу стадиясында турат.

https://kabar.kg/news/v-oshe-otkroetsia-kyrgyzsko-uzbekskoe-predpriiatie-po-proizvodstvu-udobrenii/