01.02.23

Кыргызстан менен Түркия “Кыргыз-Түрк” өнүктүрүү фондун эртерээк түзүү маселесин талкууланды. Бул тууралуу, Кыргызстандын элчиси Руслан Казакбаев Түркиянын вице-президенти Фуат Октай менен жолугушуусу учурунда белгилүү болду.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, өзгөчө көңүл өлкөлөр ортосундагы экономикалык кызматташуу, Түркиядан инвестиция тартуу  маселелерине бурулду.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы тараткан маалыматта: “Тараптар эки өлкөнүн соодасынын олуттуу өскөндүгүн канааттануу менен белгилешти. Аны көбөйтүү боюнча, мындан аркы аракеттердин зарылдыгы жөнүндө пикирлерин билдиришти. Ошондой эле үстүбүздөгү жылы соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйынын өткөрүү пландарын талкуулашты”, - деп айтылат маалыматта.

https://economist.kg/novosti/2023/02/01/bishkek-i-ankara-obsuzhdajut-voprosy-sozdaniya-kyrgyzsko-tureckogo-fonda-razvitiya/