31.02.23

Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев Түркиянын Тышкы иштер министринин орун басары Ясин Экрем Серим менен жолугушту. Бул тууралуу, Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Көрүшмө учурунда, дипломаттар эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуу маселелерин, анын ичинде 2023-жылы жогорку деңгээлдеги өз ара иш сапарларын уюштуруу пландарын, ошондой эле Түрк мамлекеттеринин уюмунун (ТМУ), Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) алкагында мамлекеттердин өз ара аракеттенүүсүн бекемдөө маселелерин талкуулашты.

Кыргызстандын элчиси Руслан Казакбаев  саламаттыкты сактоо тармагында кызматташууга байланышкан келишимди жаңылоо жана  Түркиянын медициналык мекемелеринде жыл сайын бекер дарылануучу Кыргызстандыктардын квотасын 150 адамдан  500 адамга чейин көбөйтүү өтүнүчүн билдирди.

Тараптар Кыргызстан менен Түркиянын жарандарынын өз ара сапарлары, келүү шарттарын жеңилдетүү жана эки мамлекеттин жарандары үчүн визасыз режимди узартуу маселелерин талкуулашты.

Эки тараптуу соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү жана тереңдетүү, өлкөлөр ортосундагы өз ара соода жүгүртүүнү көбөйтүү, анын ичинде бизнес-форумдарды уюштуруу аркылуу, ошондой эле Түркиялык компаниялардын Кыргызстандагы ишкердик жүргүзүүлөрүнө байланышкан маселелери талкууланды.

https://kg.akipress.org/news:1857717/?from=kgnews&place=maincats