Кыргызстан менен Түркиянын тышкы соода жүгүртүүнүн 1 млрд. долларга жогорулатууга даяр. Кечээ Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жеенбеков Түркия Президенти Режеп Тайип Эрдоган менен тар чөйрөдө жолугушту.

Алар эки тараптуу кызматташуунун келечегин талкуулашты жана эки өлкөнүн соода-сатык көлөмүн $ 1 млрд долларга көбөйтүү үчүн  баардык мүмкүнчүлүктөрү бар экендигин баса белгиледи.

Сүйлөшүүлөр бетме-бет болуп өттү. Алар соода-сатык, транспорт, тоо-кен, айыл чарба тармактарыында кызматташтыкты талкуулашты.

Сооронбай Жээнбеков эки өлкө ортосундагы ишкердик кенешин түзүүнү жана соода палаталарынын ортосундагы кызматташтыкты күчөтүүнү сунуштады. "Кыргызстан парламенттер аралык кызматташууга зор маани берет. Жакында Түркияга Жогорку Кенештин спикери келет, "- деп билдирди ал.