01.04.23

2023-жылдын 29-март күнү Кыргызстандын “Кыргызалтын” акционердик коомунун (ААК) жетекчилеринин, Өзбекстандын “Навои” тоо-металлургиялык комбинатынын делегациясы менен эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу, аталган  ишкананын басма сөз кызматы билдирди.

Тараптар, Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, өзгөчө эки өлкөнүн тоо-кен тармагын өнүктүрүүнү талкуулашты. Алар калдыктарды кайра иштетүүнүн технологиясын биргелешип ишке киргизүү жана калдыктарды чогултуу эритүү технологиясын иштеп чыгуу маселелерине өзгөчө көңүл бурушту. Кыргызстандын аймагындагы кендерди биргелешип иштетүү маселеси дагы талкууланды.

Маалым болгондой, Өзбекстандын “Навои” тоо-металлургиялык комбинаты алтын өндүрүүчү дүйнөлүк он ири компаниялардын катарына кирет.

https://economist.kg/novosti/2023/03/30/kyrgyzaltyn-obsudil-s-uzbekskoj-kompaniej-sovmestnuju-razrabotku-mestorozhdenij-v-kr/