17.04.23

Кыргызстандык эт азыктарын өндүрүүчү “Торо” компаниясы Венгриядагы мейманкана жана ресторандарга кой этин жеткирүү боюнча келишим түздү. Бул тууралуу, Венгриялык “Matushz - Vad Zrt” компаниясынын, Кыргызстандын “Торо” компаниясынын жана Улуттук инвестиция агенттигинин өкүлдөрү, Бишкекте өткөн маалымат жыйынында билдиришти.

Тараптар кой этин экспорттоо боюнча келишимге 14-апрелде кол коюшкан. Бул тууралуу “Кабар” агенттиги билдирди. Биринчи этапта, Кыргызстандан жумасына 20 тонна эт экспорттойт жана келечекте анын көлөмүн жумасына 40 тоннага жеткирүү пландалууда. Венгрияга эт жеткирүүлөрдү баштоо үчүн Европа биримдигинен (ЕБ)  керектүү уруксаттарды алуу күтүлүүдө.

Венгриялык “Matushz - Vad Zrt” компаниясынын директору Патрик Матус: “Кыргызстандык фермелер өндүргөн койдун эти Жаңы Зеландиянын этине салыштырмалуу сапаттуу деп эсептейбиз. Сиздердин өлкөнүн жаратылыш ресурстары жана халал стандарттарына коюлган жогорку талаптар мунун далили”, - деп белгилеп өттү.

Анын айтымында “Matushz - Vad Zrt” компаниясынын Европа боюнча 2,5 миңден ашык өнөктөшү бар. Аларга белгилүү ресторандар, мейманканалар, коомдук тамактануу кызматтары жана супермаркеттер кирет.

https://economist.kg/novosti/2023/04/17/toro-budet-postavlyat-baraninu-v-oteli-i-restorany-vengrii/