04.05.23

Кыргызстандын Инвестициялык агенттиги Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр айыл аймагына жалпы кубаттуулугу 50 (МВт) болгон күн электр станциясын куруу боюнча, Кыргызстан-Казакстан биргелешип түзгөн «Күн-Булагы» компаниясы менен меморандум түздү. Бул тууралуу, аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.

Белгиленгендей, долбоордун алдын ала инвестициясы 35 миллион долларды түзөт. Бул меморандум түз инвестициялык келишим түзүүгө негиз болуп саналат.

«Күн булагы» инвестициялык компаниясы, жакынкы аралыкта долбоордук-сметалык документтерди иштеп чыгууну, долбоорду каржылоону, күн электр станциясын 2024-жылдан кечиктирбестен ишке киргизүүнү, ошондой эле жылына 80 миллион киловаттан сааттан (кВт)  кем эмес электр энергиясын өндүрүүнү камсыз кылууну көздөп жатат.

https://economist.kg/novosti/2023/05/04/kyrgyzsko-kazahskaya-kompaniya-postroit-v-issyk-kulskoj-oblasti-solnechnuju-elektrostanciju-k-2024-god